Menu

Бишкекте «АЛМА EXPO 2016» биринчи күзгү агрардык жарманке өтөт

Бөлүшүү:

2016-жылдын 5-6 – ноябрында «Вефа» соода борборунда “АЛМА-ЭКСПО» 1- күзгү айыл чарба жарманкеси өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн натуралдык жана органикалык азыктардын көргөзмө-жарманкеси болот. Жарманкенин уюштуруучусу – “Кыргызстандык агрардык платформасы” коомдук бирикмеси жана “Алма” агрардык журналы.

Жарманкени КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министри Турдуназир Бекбоев, “Алма” журналынын түзүүчүсү Бермет Турсалиева жана КР Украинанын Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Дорошенко ачат.

Салтанатта органикалык азык өндүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган оюндардын, викториналардын жыйынтыктары чыгарылат. Иш-чарага өлкөнүн жаштар кыймылдарынын мүчөлөрү жигердүү катышат. Муну менен жаштардын айыл чарба тармагына кызыгуусу күчөйт деп үмүттөнөбүз.

Иш-чара өндүрүшчүлөрдүн практикалык мастер-класстары, вегетариандык тамактардан ооз тийүү, Кыргызстандын жаштар кыймылдарынын флеш-мобдору, мода көрсөтүү, туура тамактануу жана био-азыктар боюнча пайдалуу лекциялар менен коштолот.

Климаттык кескин өзгөрүүлөрдүн шартында жана Борбор Азия менен Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо органикалык айыл чарбасы – уникалдуу табиятты сактап калуунун, калкты органикалык азык менен камсыздоонун эффективдүү жолу.

Жарманке биздин аграрийлер менен чет элдик коноктордун ортосунда диалогго, тажрыйба алмашууга платформа болуп бермекчи. Жарманкени өткөрүү салтка айланып, шаарыбыздын жашоочулары жана коноктору жеткиликтүү баада табигый азыктардын көп түрлөрүн сатып ала алат деп үмүттөнөбүз.

Жарманкеде бал, эт-сүт азыктары, байыркы көчмөн кыргыздардын рецеби менен даярдалган талкан азыктары, унутта калган рецепттер менен жасалган улуттук суусундуктар, тоо мөмө-жемиштеринен даярдалган продукциялар, кол өнөрчүлөрдүн оригиналдуу жасалгалары сатыкка коюлат. Иш-чарага Кыргызстандын бардык булуњ-бурчтарынан натуралдык, органикалык азыктарды чыгарган  50 дөн ашык компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.

Жарманкеге шаарыбыздын жашоочулары жана коноктору, ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана бардык даамдуу, табигый тамак-оокаттардын сүйүүчүлөрү чакырылат.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 0553 553262627 (Нургазы); 0556 523 523 (Айзада); 0702 601067 (Диана).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: