Буга чейин «Республика» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон Кубанычбек Конгантиев партиянын башчысы Өмүрбек Бабанов менен ыркы келише албай калганын айтып, өзүн “Кыргызстан” партиясына өткөнүн ачыктады. Демек ал алдыдагы шайлоодо аталган партиянын туусун көтөрүп барганы турат. Кызыгы, анын билдирүүсү “Республика – Ата-Журт” партиясынын шаардык конференциясы өтүп, партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоону Канат Мидин уулу деген жигиттин баштап бараарын жарыялаган соң чыкты. Демек мурдагы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу оюнда бул жолу “РАЖды” баштап шаардык кеңешке чыгам деп жүрсө керек да.
Кыскасы, эми бул “таарынган” бала кайрадан Бишкек шаардык кеңешине илинеби же ал жактан да орун тийбей тебилеби азырынча белгисиз. Бирок өткөн шаардык кеңеште ал тирикарактыгын көргөзүп жакшы эле иштегендей болду эле…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ