— Кечээ эле оппозициянын өкүлдөрү президент Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияны куроо мандатын кайрадан, жетинчи жолу КСДП фракциясына бергенине нааразы болушуп, билдирүү жасашты. Алардын бул дооматы канчалык негиздүү?
— Бул дооматты орунсуз катары эсептейм. Себеби, президент коалицияны куроо боюнча мандатты көпчүлүктү түзгөн фракцияга берет. Бүгүнкү күндө көпчүлүккө ээ болгон КСДП фракциясы. Ошондуктан, бул туура эле чечим болду да.
— Бирок, алардын “КСДП кураган өкмөттөр ашып барса бир жылдан гана иштешти” деген кинеси туура да?
— Бирок, ошол эле учурда, ал коалициялар кандай учурда, кимдин колу менен ураганын баарыбыз эле билебиз да.
— Сиздин оюңузча жаңы коалициянын курамы кандай болуш керек?
— Сөзсүз түрдө Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча идеялары, багыты бир санаалаштар болушу зарыл. Ошондо өкмөт туруктуу болот. Жашоо-турмушка таасир эте турган чоң-чоң долбоорлорду биргелишип, турмушка ашырганга жакшы шарт түзүлөт.
— Азыр “Республика – Ата Журт”, “Бир Бол” фракциялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бул эки фракция сиздерге идеялаш, санаалаш боло алабы?
— Жаңы коалицянын конфигурациясы кандай болорун мен так айта албайм. Себеби, бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коалицияга кимдер кирери белгилүү болгондон кийин гана баа берсек болот.
Керим МУРАС
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ