Menu

Референдум өтсө, парламент тарайбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш 2-ноябрда “Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды.  Парламенттеги 105 депутаттын 90у баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болушса, 15 депутат каршылыгын билдиришти. Эми 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен катар референдум өтмөй болду. Буга чейин референдум өткөрүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзамды парламент кабыл алган болчу.

Конституцияны өзгөртүүгө арналган референдумду дайындоо маселеси алгач көтөрүлгөндөн бери талаш-тартыш жаратып, кайчы пикирлер арбын айтылып келди. Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар бийлик шашылыш мыйзам бузуу жолу менен өкүм зордук көрсөтүп, сунуш-пикирлерди эске алышпай кысым, басым аркылуу мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алдырды деген дооматтарын айтышты. Ал эми референдумдун өтүшүн жактаган, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын айткан тарап бардык укуктук нормалар так сакталып, жараян мыйзам чегинде жүрдү, мыйзам долбоору коомчулукта кенен талкууланды деген жүйө келтиришти.

Минтип саясий чөйрөдөгү аткаминерлер эки жаат болушуп кызыл чеке болушкан менен карапайым калк баш мыйзамды өзгөрүшүн трагедия катары кабылдашкан жок. Ал эми таасир талашкан бийлик төбөлдөрү болсо баш мыйзам шылтоосу менен бири-бирин былыгын чукуп, чүмбөт артындагы чыныгы жүздөрүн сыйырганга үлгүрүштү. Өзгөртүүлөргө макул болбосом бийлик куугунтук жасап бизнесимден айрылып калбайын деп коркуп, ошол эле учурда колдосом кийин соң өзгөртүүлөрдүн түпкү максаты туура эмес болуп калса жаманатты болуп каламбы деп чочулаган депутаттар “Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышканга чейин бир топ эле чайналышты. Эмне болсо ошол болсун дешип, Конституциялык өзгөртүүлөргө ак же көк деп айтканга жарабай, төө кушчасынан башын кумга тыккандар болду. Алгачкы көз карашынан кайтып, теңирден тескери кеткендер чыкты. “Эки тоонун чөбүн эңсеп” ортодо талтайгандарды, эки жээкти бирдей кулачтагысы келип түсүн хамелеондой кубулткандарды, чечүүчү учурда кескелдириктей куйругун шарт кесип ойт бергендерди көрдүк. Буга референдум өткөрүүгө демилгечи катары чыккан айрым депутаттардын пикиринин өзгөрүшү күбө десек жарашат. Маселен, “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев баш мыйзамды өзгөртүү депутаттарды коркутуу менен жүрүп жатканын айтып ага каршы экенин ачык айтты. Бул туурасында ал: “Конституцияны өзгөртпөш керек деген адамдардын пикири ошондой. Аларды кысып-коркутуп жаманатты кылып каралабашыбыз керек. Эртең кимдин пикири туура болгонун тарых гана тастыктайт. Ошол себептен баш мыйзамды өзгөртүү боюнча баяндамачы болсом да, мындай жол менен Конституцияны өзгөртпөш керек деп ойлойм”, – десе демилгечилердин бири болгон “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бул жолу референдумга каршы экенин ачык жарыялашты. КСДПнын депутаты Жанар Акаев баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды каралоону токтотууну талап кылды.

Бирок канткен күндө да Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндөн тарта саясаттагы кырдаал кескин өзгөрдү. Көз караштардын кагылышуусу жеке инсандык абройго шек келтирген деңгээлге чейин жетти. Ич күптү таарыныч мамлекеттик масштабга көтөрүлүп, саясаттагы өнөктөштөрдүн, санаалаш үзөңгүлөштөрдүн мамилесине доо кетти. Бирин-бири каралоо, көө жабуу апогейине жетип, ортодогу сый-көңүлдүн жиби үзүлдү. Касташкандар табышып, достор ажырашты. Айтор Конституцияны өзгөртүүдөн чыккан пикир келишпестик, кайым айтышуу курч мүнөздө өттү. Бирок кандай болгон күндө да токмогу күчтүү болсо “кийиз казык” жерге кире турганы баарына айкын көрүндү. Бийликке ким өз, ким жат экендиги боюнча картина ачылды. Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан Текебаев Атамбаевди жерине жеткире сындап, ошол эле учурда бийликке ким кас, ким дос экенин электен өткөрүп берди.

Саясий аналитик-эксперттер болсо референдум өтсө, парламент Конституциялык жаңы түзүлүшкө ылайык тарай турганын айтышууда. Божомолдорго ылайык, Жогорку Кеңеш декабрдын аягында жаңы жылга жетпей тарап, келээрки жылдын февраль айында жаңы парламенттик шайлоо өнөктүгү өтөт. КСДП 60-65 мандатка ээ болуп, андан кийинки “Республика” партиясы 25-30 мандат алаары айтылууда. Калган орунду эки партия бөлүп алаары, парламентке 4 эле партия келээри кеп болуп жатат. Ал эми азыркы Жогорку Кеңештеги партиялардан “Кыргызстан” партиясы өз алдынча чыкпай КСДПнын курамына кирип, “Бир Бол” чачырап,  “Ата Мекен” жеңишке жетпей өксүп, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы бийлик менен мамилесин оңдосо үчүнчү же төртүнчү болуп кайрадан парламенттин босогосун аттап калуу мүмкүндүгү бардыгы каңкууланууда.

Эгер чындап жогоруда айтылган коомдо жортуп жүргөн божомолдор турмуш чындыгына айлана турган болсо, КСДП парламентти дагы, Өкмөттү дагы колго алып, андан кийин президенттикке өз каалаган кишисин өткөрүп алаары бышык болуп турат. Конституцияга каршы чыккандар дал ушул сценарийдин ишке ашып кетишинен чочулашып, референдумду өткөрбөй үзгүлтүккө учуратууга катуу аракет көрүшүүдө. Тилекке каршы, муз козголуп океан мейкиндигине чыкты. Эми кимде-ким Айсбергди сүзөм десе “Титаниктей” талкаланып чөгөт.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: