Menu

2,96 млрд. доллар салым кошкон ишкана

Бөлүшүү:

Өлкөбүздөгү эң ири салык төлөөчү алтын кен ишкана 2015-жылдагы отчетунда кандай иш алып барып жатканын ачык жазды. “Кумтөр голд компани” стратегиялык мааниге ээ, андыктан экономикалык көрсөткүчтөрүн талдадык.

Кыргызстанда жылына 18-20 тонна алтын өндүрүлөрүү жана анын эң чоң көлөмү “Кумтөргө” таандык экени маалым. Ал эми өткөн жылы өлкө экспортунда бул баалуу металлдын үлүшү 39,7% болгон. Отчетто айтылгандай, кен ишкана былтыр 16 195,4 кг алтын өндүрүүгө жетишип, өнөр жай өндүрүшүнүн 22,5%ын, ички дүң өндүрүмдүн 6,8%ын камсыздаган. Өлкө аймагындагы төлөмдөрдүн көлөмү болсо 256 млн. долларды түзгөн. Муну менен, компания ишке кирген 1994-жылдан 2015-жыл аралыгындагы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,96 млрд долларга жеткенин белгилей кетели.

Андан ары улантсак, өткөн жылы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатып алууга жана кызматтарга 59,3 млн доллар жумшалган. Атап айтканда, миллиондогон долларлар кен ишканага 11 000 түрдүү аталыштагы продукция жеткирүү менен алектенген 600гө чукул жергиликтүү ишканалардын капчыгына түшкөн. Бул алардын бизнесин кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. Мисалы, Тоң районундагы жеке ишкер Бекжан Турганбаев бир нече жылдан бери кенчилерди чарбасында өстүргөн жергиликтүү форель балыгы менен камсыздайт. “Кумтөрдүн” талаптарын так аткарып, өнөктөш болууга жетишкен ал жылына ишканага 8 тонна балык соодалап 50 000 доллар киреше табууда. Туруктуу ири кардардын аркасында бизнеси өркүндөгөн балык чарба учурда продукциясын Ысык-Көл менен Бишкектеги 15 кафе жана 15 эс алуу жайларына да сатат.

Алтын кен ишкана менен кызматташып, ийгиликке жеткендердин дагы бири “Вулкан Плюс” компаниясы. Анда 2012-жылдан бери алтынды ылгап алууга керектүү темир шарлар даярдалып кендеги фабрикага жөнөтүлөт. Өткөн жылы “Кумтөр” 3 млн долларга бааланган өндүрүмүн сатып алып, Чүй облусунда жайгашкан бул компанияны ири салык төлөөчүлөрдүн катарына жеткирди. Учурда темир шар даярдоого 120 жумушчу тартылып, татыктуу маяна менен камсыз болушкан. Мындай мисалдарды айта берсе арбын.

Эми “Кумтөрдүн” өзүнө келсек, жыл соңуна карата штаттaгы КРдин жарандарынын саны 3741 адамды түзгөн. Бул кендеги туруктуу кызматкерлердин жалпы санынын 97%ына барабар жана көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 1%га өскөн. Отчетто көрсөтүлгөндөй, компания былтыр кызматкерлеринин айлык маянасына жана жеңилдиктерине 105 млн. доллардан ашык каражат жумшаган.

Айтемир Аскеров

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: