Menu

Йемендеги жарандык согуштун курмандыктарынын саны 7 миңден ашты

Бөлүшүү:

Йемендеги жарандык согуштун курмандыктарынын саны 7070 кишиге жетти. Мындай маалымат Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 7-ноябрда жарыяланган баяндамасында көрсөтүлгөнүн Deutsche Welle басылмасы жазды. Ал документке ылайык, 2015-жылдын мартынан бери согуштук аракеттерден 36 818 киши жабыркап, Йемендин дагы 2,1 млн. тургуну өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму куралдуу жаңжалдар өлкөдө оор гуманитардык каатчылык жаратканын белгилөөдө. Азыр 21 миллион адам тез арадагы жардамга муктаж.

7-ноябрда БУУнун баш катчысынын Йемен боюнча атайын өкүлү Исмаил ульд Шейх Ахмед Йемендин аба мейкиндигин көзөмөлдөп турган араб коалициясына кайрылды. Анда өлкө борбору Санадагы аба майданга конуп, андагы жарадар адамдарды алып кете турган жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин ачуу өтүнүчү жазылган.

“Адамдар өлүп, инфраструктура кыйрап жатат, Йемендин экономикасы туңгуюкка кептелүү алдында турат”, – деп билдирди ал өлкөдөгү абал тууралуу айтып жатып.

Йеменде Сананы басып алган хусит козголоңчулары өлкө президенти Абду Раббо Мансур Хадинин ишенимдүү отряддары менен күрөшүүдө. Өкмөттүк күчтөрдү Сауд Арабиясы башында турган араб коалициясы колдоп жатат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: