Menu

Р.Кудайбергенов: “Талас” командасынын эң көрүнүктүү тулпары – Ахиллес

Бөлүшүү:

Кең көкүрөк, тайкы жал,

Кетмен туяк, кең соору.

Аркар аяк, капкан бел,

Камыш кулак, сом туяк,

Балтыры өгүз белиндей,

Басканы сырттын желиндей болгон “Талас” командасынын буудандары тууралуу Талас облусунун Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Кудайбергенов Рамис мырза баяндап берди

Команданын курамындагы буудандардын 80%ы таза кандуу жылкылар

“Талас” командасынын буудандары бүтүндөй Талас облусунун атуулдарыныкы, бизде чоочун эч кимдин аттары жок. Мамлекеттик структуралардан, же болбосо компаниялардан бир тыйын албайбыз. Бүтүндөй команданын чыгымы таластык жигиттердин чөнтөгүнөн чыккан акчанын эсебинен жабылат. Бир эле оюнду даярдаганга үч жүз миңден беш жүз миң сомго чейинки каражат керек. “Талас” командасы башка командалардан айырмаланып, Кудай көз тийгизбесин, ынтымактын үстүндө кармалып жүргөн команда, анткени бизди бир, же эки чоң бай каржылабайт. Учурда командабыздагы аргымактардын 80%ын таза кандуу англис жылкылары түзөт. Тулпар тандоодо анын сулуулугу, бой-мүчөсү каралбайт, эмне колунан келет, ошого карап ылганат. Эң негизги талап – аттын ден-соолугу мыкты болушу шарт. Кез-кезде аргымакты оюнчуга да ылайыктап тандайбыз. Чебер оюнчу орто ат менен деле жакшы ойной берет, бирок ага жакшы буудан келсе, андан да жакшы оюн көрсөтөт. Же болбосо өтө мыкты ат орточо оюнчуну деле мыкты кылып коюшу мүмкүн, бирок ага бышык чабандес отурса, ат андан да көркүнө чыгат. Учурда “Талас” командасында туруктуу кармалган жыйырмадай жылкы бар, атканада дайыма жаңылануу болуп турат. Спортто ат сөзсүз жаракат албай койбойт, бул учурда команданын оюнга чыгара турган башка аргымактары болуш керек. Курамда ойногон негизги буудандарыбызды сыпаттап өтсөм, жекеме-жекеде ойногон Евро деген атыбыз 12 жашта, Талас облусунун Жон-Арык айылынан чыккан. Евро чалыш жылкы менен таза кандуу буудандын ортосунан чыккан буудан. ТТ деген аргымагыбыз Таластын Таш-Арык айылынан чыккан. Коргоодо ойногон Камаз деген атыбыз учурда 5 жашта, түбү Таластын Көк-Ой айылынан, курамдагы аргымактардан Камаз гана торпок улакка салынган. Грозный деген 5 жаштагы жылкыбыз Талас облусунун Грозный айылынан чыккан буудан. Торпедо деген күлүгүбүз 10 жашта, түбү Таластын Чолпонбай айылынан. Анарбек уулу Сейитбек ойноткон чабуулчу атыбыз Каракуш учурда 5 жашта, Талас облусунун Ак-Жар айылынан чыккан. Острый деген аргымагыбыз түбү Россиядан туулуп, бул жакка 2 жашында келгенде командага сатып алганбыз. Острый учурда Ысык-Атада багылат. Рембо деген аргымагыбыз дагы Таластын Кырк-Казык айылынан чыккан, бул аттын энеси таза кандуу англис жылкысы. Акбар аттуу бууданыбыз Таластын Ключевка деген жеринен чыккан, бул аттын атасы дагы таза кандуу англис тектүү жылкы. Жабагиев Бактияр чапкан Карасур аттуу күлүгүбүз Таластын Кең-Арал айылынан чыкан. Бул аттын энеси да, атасы да таза кандуу жылкылар. Карасур командадагы чабуулчу жылкы, быйылкы жеңиш турниринде мыкты ат болду. Вулкан деген белгилүү атыбыз да Талас облусунун Арашан айылынан чыккан. Командага 2015-жылы Чехиядан келген 6 жаштагы Чех аттуу таза кандуу жылкы сатып алганбыз, быйылкы оюндарга чыгарда жаракат алып калып чыкпай калды. Мындан сырткары, быйылкы Президенттик кубокто Нарындык жигиттен ортого ойной турган жаңы 5 жаштагы ат сатып алдык, буюрса, кийинки оюндарда өнөрүн көрсөк болот.

Ахиллес, Лазер, БТР

Талас командасынын эң көрүнүктүү тулпары Ахиллес учурда 8 жашта. Ахиллестин атасы таза кандуу англис жылкысы. Өзүңүздөр билгендей, Көчмөндөрдө адегенде бул ат курамга алынган эмес, кийин кайра ушул ат курамга керек, бизге бергиле дешкенде Талас командасынын жетекчилиги жигитчилик кылып эл үчүн, намыс үчүн сурасаңар берели дедик. Негизи көк бөрүдө буга чейин айрым команда жетекчилеринин атты алсаңар оюнчусу менен алгыла, албасаңар атты бербейм деген учурлары көп эле болуп келген. Биз деле антип айтсак болмок, бирок биздин жетекчилик андай талап койгон жок. Анткени биздин бир оюнчуну киргизгиле десек, ал жерден бир бала курамга кирбей калмак дагы командадан ырк кетмек. Ошонун баарын түшүнгөн биздин жетекчилик андай кадамга барбай, адамгерчилик кылып Ахиллестин өзүн эле беришти. Ахиллеске токтолсом, албетте, кемчиликтери дагы бар, ал Лазердей болуп бет маңдайга таамай барбайт. Көчмөндөр оюнунда Лазер бет маңдайга биринчи барып улактын үстүнө туруп калганы анын мыктылык жагы болду. Ал эми капталдашып калганда баары көргөндөй, Ахиллес күчтүүлүк кылып атты. Лазер 20 жаштагы тулпар, анын ушул жашка чейин мыкты оюн көргөзүшү бул биринчиден ден-соолугунун мыктылыгы, ага кошумча жакшы шартта багылганы себепчи. Андан сырткары, Казакстанда биздикиндей болуп аттарга өтө одоно урдуруулар жок. Лазер мамлекеттин каржылоосунда багылат, биздикине салыштырмалуу аларда мамлекет жакшы каралашат, казак боордоштордун ошол жагын көрүп аябай ыраазы болом. Эми Кудай Ахиллеске Лазердикиндей ден-соолук берген болсо дагы 10-11 жыл оюн көргөзө алат. Биздин Япончик, БТР деген аттар 16-17 жашка чейин ойноду. Эгер Ахиллес алардын жашына барса дагы 7-8 жыл ойношу керек. Ахиллестин аутка качканы учурунда тарбиялык кемчиликтер кеткенден болсо керек, бирок жанындагы өнөктөштөрү жакшылап коргонуу кылып берсе аутка качпайт деле. Эгер жанындагы өнөктөштөрүнүн аттары чарчап калып, же чабуулчу кичинекей аттар келип калса, баягы урдуруп коюшат эмеспи, ошол кездерде анча-мынча качышы мүмкүн. Легенда аргымак делген БТРдин деле 2014-жылы Нооруздагы финалдык оюнда аутка качканын көрсөк болот. Жаныбар да, тилин таап түшүнүш кыйын буларды. Ахиллес гана мыкты ат деп айта албайм, бир убакта БТР мыкты болсо, азыр Ахиллес мыкты, башында БТРге Ахиллестин алы жетпесе, кийин БТР картая түшкөндө Ахиллес ага үстөмдүк кылды. Эртең дагы бир ат чыгып, Ахиллеске үстөмдүк кылышы толук мүмкүн.

Командалар аргымактарды камсыздандырууга али даяр эмес

Спорт дүйнөсүндө атты камсыздандыруу талап кылынат. Бирок биз андай деңгээлге жете элекпиз. Бизде аттар камсыздандырылбаганына байланыштуу жаракат алып, же өлүмгө учураса командалар өздөрү жооптуу. Анкени Федерацияга эгер ат өлүп калса, “өзүбүз жооп беребиз” деп табыштама беребиз. Ат кыймылсыз мүлк эмес да, аны баалаш кыйын. Камсыздандыруу өтө тобокелдүү иш, ошондуктан буга жогорку баа коюлат. Буттарынан жыйырма миң, отуз миң долларлык аттар жаракат алат, камсыздандыруучу компания ошого жараша төлө дейт, мисалы, жылына эки миң доллар төлө десе, аны ким барып төлөйт? Менин оюмча, бул жакын арада боло турган иш эмес. Азырынча командалар анчалык каражатты көтөрө албайт.

Сунуш

Көк бөрү оюнун дагы да тамырын терең жайылтуу максатында турнирлерди Бишкекте эле өткөрө бербей 7 облусубузда тең өткөрүүнү сунуш кылам. Анткени спортто сергек жашоого чакыруу деген түшүнүк бар. Биз Бишкектиктерди сергек жашоого чакыра берип жадаттык окшойбуз. Айыл жеринде жигиттер мал менен, жер менен алектенишет. Ушул жигиттерибиз чыйрак болуп көк бөрү тартса эмнеси жаман? Биз аларды кызыктырышыбыз керек. Жаштар Бишкектегидей турнирлерди көрсө, сөзсүз түрдө көк бөрүгө болгон кызыгуулары ойгонот. Балким Манас Ниязовдой, Рустам Тыналиевдей мыкты улакчы болсом деп кыялданып, ошолордой мыкты көк бөрүчүлөр тарбияланаттыр? Мындан тышкары, мамлекет каражат бөлүп, ар бир облуска атайын көк бөрүнү өнүктүрө турган спорт комитеттерди ачып берсе жакшы болмок. Команда жетекчилеринин акчалары чынын айтканда, көк бөрүнү талаптагыдай өнүктүрүүгө жетпей калууда. Албетте, мамлекеттин салымы болгону менен, бирок тиешелүү деңгээлде болбой жатат.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: