Menu

Арзыбек Кожошев, Экономика министри: “Мыйзамдын алкагында ишкерлерге жеңилдик берилди”

Бөлүшүү:

Экономика министри Арзыбек Кожошев менен  экономиканы көтөрүүнүн жолдору, көп мамлекетте өтүп жаткан бизнес форумдун максаты, Кыргызстан кирген биримдиктердин күнгөй-тескейи тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга  жооп алдык.

– Арзыбек мырза, Кыргызстандан башка  мамлекеттерде дагы  бизнес форум өткөрүп жатасыз. Сиз башында туруп, өткөрүп жаткан  бизнес форумдар Кыргызстанга эмне берет?

– Биринчиден, кайсыл мамлекетте  бизнес форум өткөрбөйлү ал өлкөлөрдүн ишкерлери   а дегенде  Кыргызстан жөнүндө кеңири маалымат алышат. Кыргызстандын инвесторлор тууралуу жазылган мыйзамдарынан кабардар болушат. Инвесторлорго  берилген жеңилдиктер, артыкчылыктар менен таанышышат. Ошондой эле кайда барып бизнес форум өткөрбөйлү  салык саясатыбыз башка мамлекеттерге салыштырмалуу  либералдуу экенинен кабардар болушат. Кайсыл гана салыктын түрү болбосун Кыргызстандагы салыктар Кытай, Россия жана башка мамлекеттерге салыштырмалуу абдан төмөндүгүн жана ишкерлерге жардам кылуу  максатында сатуудан алган салыкты да жокко чыгарганыбызды баса белгилейбиз. Кошумча нарк салыгы  12 пайызды гана түзөрүн, подоходный салык болгону  10 пайыз экенин айтып, салык саясатындагы артыкчылыктарыбызга токтолобуз. Экинчиден, Кыргызстандагы инвесторлорго колдоо көрсөткөн мыйзамдар тууралуу маалымат берип,   инвестиция салган инвесторлор кайсыл мезгил болбосун капиталын алып чыкканга мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилейбиз. Кокус келишим түзгөндөн кийин мыйзамдар өзгөрүп кетсе да,  инвесторлорго 10 жылга чейин  анын таасири тийбесин айтабыз. Ошондой эле Кыргызстанга  кандай валюта алып келсе да тыюу салынбасынан кабардар кылабыз.

Дагы бир артыкчылыгыбыз деп  элибиздин өзгөчөлүгүнө басым жасап, потенциалы,  профессионалдык деңгээли  бийиктигине жана жумушчу күч Казакстан менен Россияга салыштырмалуу 3-4 эсе арзан  экенин айтабыз. Дагы бир  артыкчылыгыбыз энергетика системасындагы тарифтер абдан төмөн экенин, башка мамлекеттерге караганда 2-3 эсе арзан экенин белгилейбиз. Жана Кыргызстан демократиялык мамлекет экени тууралуу маалымат берип, жогору жактан эч кандай басым болбосун айтабыз.

– Орто жана чакан ишкерлерди колдоо максатында  жазылган долбоорлорду кайсыл каражаттардын негизинде ишке ашырасыңар?

– Ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн  “Айыл чарба 4” деген программаны  улантып жатабыз. Аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 400 миллион сом каралды. Кудай буюрса, банктар аны 5 миллиард сомго жеткирип, орто жана чакан ишкерлерге  беришкени  жатат. Ошондой эле “Россия-Кыргызстан” фонду ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында  240 миллион доллар бергени жатышат. Айтайын дегеним, булардын шарттары мурдагыга салыштырмалуу жеңилдеди.  Мурда долларды 6-7 пайыздан 5 жылга берсе, азыр  4-5 пайыз менен  мөөнөтүн 7 жылдан 10 жылга узартышты.

Дагы бир баса белгилей турган жагдай региондордогу ишкерлерге болгон тоскоолдукту жоюу максатында “кепилдик” фондун түзүп жатабыз. Эгер ишкер 1 миллион сом алып, иш баштайм десе, жетиштүү каражат алууга  күрөөгө койгонго мүлкүнүн суммасы жетпеген учурлар көп эле кездешет. Мына ушундай жагдайда “кепилдик” фонду жардамга келип,  ишкердин мурдагы салыкты жакшы  төлөгөнүн эске алып,  күрөөгө койгонго жетпей жаткан суммага  кепилдик берет.

Жогоруда сөз кылган программалар  аркылуу берилген каражаттарды биздин өндүрүшчүлөр жакшы пайдаланса,  экономикабыз тез өнүгүп кетет деген ишеничтемин. Анткени, Кыргызстандын экономикасы кичинекей. Жолун тапсак тез эле өнүктүрүп жиберсек болот.

– Чакан жана орто ишкерлерди бир гана каражат менен колдоо көрсөтөсүңөрбү же мыйзамдын алкагында  да жеңилдиктерди бересиңерби?

– Экономика министрлиги тарабынан региондорду көтөрүү максатында жаңы ишкана ачылса, 3 жылдан 5 жылга чейин салыктан бошотуу маселеси   каралган. Ал  идеябызды жаңы премьер-министр да колдоду. Буюрса, мыйзамдын алкагында ишкерлерге да жеңилдик берилди. Эми  алар мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн камкордукту сезишип, ишин илгерилетүүдө жеңилдиктер боло баштаганын  байкашат. Анткени, мамлекеттик  кызматкер ишкерлерге тоскоолдук кылбасын деген таризде фискалдык органдар менен укук коргоо органдарынын текшерүүсүн системалаштыруу мыйзамдарын   иштеп чыктык.  15-апрелде президент да колдоп, Жарлык чыгарды.  Эми фискалдык, текшерүүчү органдар ишкерлерге текшерүүгө бара жатканда Экономика министринен уруксат алышат. Ошондой эле кайсыл маселенин алкагында текшерүүчү баратканын ишкер билет. Экономика министри тарабынан текшерүүчү органдарды иретке келтирип, алардын  саны 13 болсо, дагы экөөгө  кыскартууга аракет кылып,  мыйзам жаздык. Ошондой эле мурда текшерүү мөөнөтү 30 күн болсо, азыр 15 күнгө кыскарды. Кыскасы,  орто жана чакан ишкерлерди 5 эле күн текшерет.  Эгер контролдук текшерүү болсо бир күндө эле текшеришет.  Буюрса, текшерүүчү органдарды иретке келтирип, ишкерлерге бир топ жардам кылдык.

Анткени,  экономиканы өнүктүрүүдө орто жана чакан ишкерлерге  таянабыз. Ошон үчүн буларга мамлекет тарабынан  тоскоолдук болбошу керек. Сот системасы да ишкерлерге адилеттүү мамиле кылышы  керек. Айтайын дегеним, эгерде инвесторлор  сотко кайрылса, биздин соттор адилеттүүлүктөн тайса, эл аралык аренада  Кыргызстандын кадыры түшүп калат. Нефтини кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун убактылуу жабылып калганы да инвесторлорго жаман сигнал берди. Текшерүүчү органдар аны баса калбай эле жөн эле текшерсе болмок.

Негизи инвесторлор кудайдын жөнөткөн адамдары. Ошолорду жакшы пайдаланып,  экономикабызды  көтөрүп алышыбыз керек. Кыскасы, биздин ар бир аракетибиз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө багытталат. Ишкерлерге шарт түзүү максатында  азыр өндүрүү зонасы тууралуу мыйзамдын үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле бул жылы өзгөчө айыл чарба тармагына маани берип, айыл чарба тармагын көтөргөнгө бүт мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз. Айыл чарба продукцияларын  экспортко чыгарабыз.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок башта мактаган Бажы биримдигинин пайдасынан зыяны көп экени тууралуу айтып, андан Кыргызстан пайда көрбөгөнүнө кыжаалат болгондор көп. Бул боюнча не дейсиз?

– Бажы биримдигине мүчө болуп кирип, пайдасын көрбөй эле зыянын тартып жатабыз дегенге макул эмесмин. Анткени, биз Бажы биримдигине кирбесек мындан да кыйналмакпыз. Кандай гана  биримдикке кирбейли ал сөзсүз ийгилигин көрсөтүп, жемишин берет. Болгону Кыргызстан мүчө болгон биримдиктер жемишин ошол замат эмес, акырындык менен берет. Айтайын дегеним, Бажы биримдигине кирип, мүңкүрөп калган жерибиз жок. Биз да ал биримдиктин артыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун аракетин көрүп жатабыз. Айтайын дегеним, бул биримдиктин жардамы менен Россияда ярмарка өткөрүп,  Москвада ортомчусу жок иш алып бара турган эң чоң базар ачтык. Бул аракетибиздин жардамы менен  магазиндер же чоң ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн  таза продукцияны алабыз дешсе, биздин ишкерлер менен ортомчусу жок байланышып, ортомчусу жок сата алышат.  Евразиялык экономикалык биримдик, Бажы биримдигине   киргени  Москва эле эмес, Россиянын башка шаарлары дагы  Кыргызстандын балына, өрүгүнө жана жаңгагына  кызыгып жатышат.

Бирок, алар бизде өндүрүлгөн продукцияларга кызыкканы менен бизде өндүрүлгөн продукциялар алар талап кылгандай чоң өлчөмдө эмес, майда өлчөмдө болуп жатат. Айтайын дегеним, алар алабыз деген  продукциядан  100 миң тонна алабыз деп заказ беришсе,  анча өлчөмдө  таба албай калабыз. Себеби, биздики майда товарлуу продукция болуп жатат. Россияда  “Яшар”, “Пятёрочка”, “Ашан”  деген магазиндер бар. Алар чоң өлчөмдөгү продукцияны талап кылышы мүмкүн.

Өндүргөн продукцияларыбыздын кымбат сатылышына тоскоолдук кылган да жагдайлар бар. Айтайын дегеним,  логистикалык лабораториянын жоктугу ишкерлерибиздин кендирин кесип, продукцияны өндүргөн дыйкандарыбыздын эмгегинин акыбетин кайттырбай жатат. Буюрса, ал маселени күзгө чейин чечип, эл аралык стандартка жооп бере турган логистикалык борбор ачып калсак, мамлекет үчүн да, дыйкандар үчүн да пайдалуу болот. Өндүргөн продукцияларыбыздын баарын кымбат сатабыз.

Кыргызстанда өткөн бизнес форумда  арабдар биздин этибиздин даамына кызыгып кетишти. Короодон сыртка чыкпай  чоңойгон малга  караганда жайлоого барып, керемет чөптөрдүн түрүн жеп, ээн-эркин оттоп жүргөн  малдын этинин даамы укмуш экен деп биз менен кызматташарын билдиришти.  Алар кой менен топоз этине жана Кыргызстандан өндүрүлгөн балга кызыгышты.

Ошондой эле энерготармакка да кызыгышты. Кудай буюрса, жакынкы жылдары бул тармакты да өнүктүрүп, 180 дарыядан өндүрүлгөн энергетиканын  пайдасын көрүп, экономикабызды көтөрөбүз деген ниеттемин.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: