Menu

Генерал Орозбаевди да омкоро алабызбы?

Бөлүшүү:

Туура эки апта мурун коргоо иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (эскиче коргоо министри) башчысы, генерал-майор Марат Кенжисариевдин айдоочусу чек ара кызматынын кампасынан курал сатканын, мындай кечирилгис иш үчүн генерал Кенжисариев менен чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев тез арада жооп берип, кызматтан кетиши керектигин жар салып чыктык эле. Жаземдебеппиз. Материал жарык көргөндөн көп өтпөй президент Атамбаев килейген эки структураны «кой терисин жамынган карышкырлардан» арылтып, Кенжисариев менен Алимбаевди кызматтарынан алып тынды. Өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздугу жар кырында турганда куралдарды пулдаган «алып-сатарлардын» орду мамлекеттик кызматта болбошу керек да, туурабы? Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Алмазбек Шаршенович эми коргонуу, коопсуздук жаатын Акүйдүн 7-кабатынан тейлеген коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, генерал Кубанычбек Орозбаев сындуу пенсионерлерден коопсуздук тармагыбызды арылтса сооптуу иш жасаган болот беле? Пенсионерлер менен интрига жасаган офицер, генералдарга мамлекетибиздин коопсуздугун тапшырыш опурталдуу экенин соңку тарыхыбыз далай ирет далилдеди го? Алмазбек Шаршеновичке туура маалыматтар жетсе, бул генерал да жакында кызматынан кол жууйбу?

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: