Menu

Нурдин Абдылдаев: Ири супермаркеттер пенсиядагыларга жана ардагерлерге негизги тамак-аштардын баасын арзандатып бериши керек

Бөлүшүү:

«Супермаркеттер аялуу катмарга кирген пенсионер, ардагерлерге ж.б. атайын «социалдык текче» орнотушу керек. Бул текчеде негизги тамак-аштар: нан, сүт, кумшекер ж.б. 30 аталыштагы товарлар мэриянын жеңилдетүүчү картасы аркылуу  атайын баа менен сатылмак (товардын баасынан 15-20% алып салуу менен)», – деп билдирди Нурдин Абдылдаев, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Бишкек шаардык кеңешине талапкер.

Ал белгилегендей, бул долбоор кандай болгон күндө да ири дүкөндөргө киреше алууга жол берет, анткени аялуу катмарга кирген жарандар – бул кардарлардын кичине эле тобу. Мында дүкөндөр чыгашага дуушар болбойт, анткени алар товар баасынын үстүнө 35-50% кошушат. «Айрым негизги товарларга мыйзам аркылуу 12% ашык эмес нарк кошулушу керек. Бирок соода-сатык түйүндөрү мындан да жол табышат. Алар өздөрү товар ташуучуларга 10% салык төлөтүшүп, муну «маркетинг кызматтары» деп аташат. Натыйжада, бул 10% баары бир сатып алуучулардын мойнуна жүктөлөт», – деп айтып берди Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, мындай дүкөндөр көпчүлүк өнүккөн мамлекеттерде бар, ошол эле Казакстанда. «Биз ушул оң тажрыйбаны колдонушубуз керек. Иликтөөлөргө ылайык, ири соода түйүндөрү атаандаштыкты жокко чыгарышат – айланасындагы павильон менен киосктун баары жабылып калат. Ал эми жарандардын бюджетинин көп бөлүгү тамак-аш алууга сарпталгандыктан, акча үнөмдөө максатында алар шаардын башка четине барууга мажбур. Сунушталып жаткан демилге ишкерликке кийлигишүү же рынокту көзөмөлдөө максатын көздөбөйт. «Өнүгүү-Прогресстин» максаты – шаардыктардын кызыкчылыктарын коргоо жана биз горкенештен дал ушуну менен алектенебиз», – деди Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: