Menu

Элдик дарыгер Алмакан Бекованын Аруузат энелерге кайрылуусу

Бөлүшүү:

Акыркы убактарда өлкөбүздө түзүлгөн кырдаал, жер жүзүндөгү туш тараптан келип жаткан терс энергиянын таасиринен улам, (бул термин илимде да колдонулат) мамлекетибиз Түштүк- Түндүк болуп бөлүнүп, ынтымагыбыз кетип турган учур. Көр оокатын эптеп жаткан Элибиздин тапканында береке жок, жетишпестик, жумушсуздук жана башка факторлордун айынан коомубуз моралдык-психологиялык запкыга тушугуп, ар-кандай нерв жана  башка  оорууларга чалдыгып, азап тартып жатат. Акча табабыз деген үмүт менен бала- чакаларды таштап Энелер (аялзаты) ички жана тышкы миграциянын кулу болуп, ар кайсыл мамлекеттерде “тентиреп” жүрүшөт. Бала-бакырабызга толук  Энелик мээрим төгүп, тарбия бере албаганыбыздан көптөгөн көйгөйлөр жаралууда. Энесиз өсүп жаткан балдар-кыздарыбыз коомдун  ар-кандай сыноолоруна туруштук бере албай, өз жанын кыйгандардын саны жыл сайын өсүүдө.  Биздин келечек- муундун толук кандуу тарбия алып, тагдырын түз жолго салууга эң биринчи  акча эмес, Энелик мээрим керек го деп ойлойм. Келечек- муундарыбыздын тагдырына  кайдыгер боло албай Элибизге кайрылуу жазып жатып, ММКлардын биринен бир макаланы окуп калдым. Жыйырма беш жыл мурун кыргыздар бири баптист, бири теңирчи, бири дианетик, бири шийит болуп бөлүнөт деп ойлодук беле? Айланайын Кыргызым!!!  Эгемендүүлүк алып, чакан мамлекетибиз зор өнүгүүнүн жолуна түшүп, балдарыбыз бейкапар, жетиштүү бакубат жашоонун үстүндө болот деп, үмүт кылбадык беле? Өлкөбүзгө ар кайсыл диндин өкүлдөрү, миссионерлердин кейпин жамынып келишип, мусулман динин ыйык туткан Элибизди ар- кайсыл секталарга, ислам динине каршы келген агымдарга киргизишип, бири-бирибизди душман кылып жатышат. Бул көрүнүштөргө бөгөт кое албаган биздин мыйзамдарыбыз. Деги кандай мамлекетте жашап жатабыз? Мурунку бийликтин учурунда  “Кыргызстан- наш общий дом” деп, өлкөбүзгө ким болсо да киргизип алып, кесепетин мына азыр тартып жатабыз. Ал катачылыктарды азыркы бийлик да улантууда. Мындай саясат менен кете берсек, жакынкы жылдарда дин- аралык согуш да болуп кетиши мүмкүн.  Күнүмдүк жашоосун ойлогон биздин бийлик бул маселелерди ойлогон жок. Жалаң байлыктын кулу болуп, мамлекеттин келечегине кайдыгер бийлик башчылары Элди бөлүп- жарып,  улутубуздун жок болуусуна салым кошууда. Батыш агенттери Сирияны эмне кылышты?   90% сунниттердин, 10% салафиттердин (шийиттердин) бийлигин орнотушуп мамлекетти жок  кылуунун аракетинде. Украинанын тагдырын эске алалы!!!   Эгер кайдыгерликке жол берсек,  жакынкы жылдарда Кыргызстанда сектанттар 5%-10% түзө турган болсо, батыштыктар   Кыргыз Элине ошолордун бийлигин, үстөмдүгүн орнотуп беришет!  Азыр булар аздык кылат, бирок мыйзамдарды жолго салып Эл өкүлдөрү эмитен көздөрүн   ачпаса, булар дагы көбөйүшөт. Ошондо “алар” өлкөбүздө ызы-чуу салса, ушул  айткандарымды  эстээрсиңер, Кудай сактасын дегенден башка аргам жок!!!  Дүйнөлүк үстөмдүк кылуу   саясатын “алар” жасап жатышат. Биздин карапайым Элге ызы-чуунун кереги жок!   Жогорудагыларды чыдамым кетип айтып, Элиме (Энелерге) кайрылам: “ Аруузат Элдик   медициналык жана улуттук идеологиябызды туу тутуп тарбия берүүчү борбор ачсак  кандай дейсиздер?! Элибизди, жерибизди, жан- дүйнөбүздү терс энергиялардан тазалоо.   Жаштарыбызга улуттун идеологиясын бийик көтөрүп туура тарбия берип, моралдык-  психологиялык жардам  жана окутуу. Элибизди ынтымакка, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө  жана башка жакшы сапаттарга үндөө”… .

Алмакан  Бекова,   элдик  дарыгер        

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: