Menu

Алмаз Атамбаев оффшордук компаниянын Жогорку Кеңештин үч депутатынын пайдасындагы акциялары боюнча траст документтерин текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 2016-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.  Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кезинде кыргызстандык “Альфа Телеком”   ЖАКтын 50 пайыз акцияларына ээлик кылган Белиз мамлекетинин Саутфилд оффшордук компаниясындагы  бенефициарлардын (учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон Кыргызстандын үч жараны) пайдасындагы жалпы суммасы 22 % (8%+7%+7%) болгон үлүштөр тууралу 2012-жылдын 4-апрелиндеги трасттын  расмий документтерин текшерүүнү Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага тапшырды.  Бул документ УКМК линиясы аркылуу алынды.

Трасттын документтерине ылайык, эгерде Саутфилд компаниясы 2015-жылдын 1-январына чейин 50 миллион АКШ долларын түзгөн “Альфа Телеком” ЖАКтын акцияларын сатканда, Кыргызстандын үч жараны автоматтык түрдө Саутфилд компаниясындагы акцияларын алышмак. Бул иш жүзүндө алардын “Альфа Телеком” ЖАКтын ( “Мегаком” соода маркасы) акцияларын сатуудан түшкөн тийиштүү үлүшүн алганын билгизет. Кийин Кыргыз Республикасынын сотторунун чечими менен айтылган 50 процент акция  мамлекеттин пайдасына конфискацияланышына байланыштуу гана аталган траст күчүнө кирбей калган.

Мамлекет башчысы ушундай документтердин пайда болушуна байланыштуу прокуратура органдары бардык жагдайларды изилдөөгө тийиш экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, Башкы прокуратура алдында трасттын документтерине байланышкан бардык жагдайды териштирип, жыйынтыктары тууралуу коомчулукту маалымдоо милдети турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: