Menu

Канат мырзаны каралап, Назира Ахмедованын жанына күч келгенде

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев бийликтин айыбын ачып, бир катар компроматтарын тизмектеп, башкалар күрөшө албаган кадамга барганда, албетте, оң-сол жээктен чабуулдар күчөдү. Кожоюндарынын буйругу менен айрым теле, гезит, сайттар каралоого өтүштү. Бирок, коомчулук ичинде Канат мырзанын кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү, алдыны көрө билген саясатчы экени талкууланып, атургай, ак бата бергендер да жок эмес. Өзгөчө Фейсбукта К.Кедейкановичтин билдирүүлөрү, маектери байма-бай чыгууда. Көпчүлүк колдоп атат. Тилекке каршы, “кой аксагы менен миң” дегендей, ортодон Назира Ахмедова деген Темир Сариевдин мурдагы “телевизионщиги” чыга калып, каралоого, тыңсынууга, табалоого алдырганы таңгалдырды. Неге мынча жанына күч келди? Же Темикенин артынан жумуштан кеткени үчүн жер сабап, арман күүсүн чалганыбы? Мына ушундай жагдайда аргасыздан баш чайкайсың. Ток этери, Назира айым “жылкысына карап ышыкырып”, алына жараша иш кылса…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: