Menu

Бишкекте шайлоочуларды сатып алууга каршы туруу боюнча “Өз добушуңду сатпа!” аттуу тренинг өтүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине шайлоолордун алдында «Жарандык Платформа» коомдук фонду шайлоочуларды сатып алууга каршы туруу боюнча «Өз добушуңду сатпа!» маалыматтык-агартуучу өнөктүктү өткөрүү боюнча ишти күчтөндүрдү.

Маалыматтык өнөктүктүн максаты шайлоочуларды сатып алуу проблемасына коомчулуктун, шайлоо процессинин катышуучуларынын көңүлүн буру болуп саналат. Өнөктүктүн негизги милдети шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү планынан алганда шайлоо процессиндеги жаңычылыктаржөнүндө калктын маалымдарлык деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын шайлоо процессине мамилесин өзгөртүү болуп саналат.

2016-жылдын 12-ноябрынан тартып өлкөнүн бардык региондорунда коомчулук, саясий партиялар, жаштар жана башка кызыкдар жактар үчүн  сатып алууга каршы туруу боюнча тренингдер өткөрүлүүдө.

Жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолордо шайлоочулардын шайлоодо эркин эрк билдирүүсүнө тоскоолдук кылуучу жана материалдык-финансылык таасир көрсөтүүлөрдү колдонууга негизденген технологияларды талкуулоо боюнча электорат менен 40 маалыматтык жолугушуу өлкөнүн 7 облусунда өтөт. Мындан тышкары, катышуучулар шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик менен байланышкан маалыматты алышат жана шайлоолордо добуштарды сатып алуу процессине каршы туруу чакырыгы менен маалыматтык материалдар таркатылат.

Маалыматтык плакаттарда сатып алуу учурлары аныкталган учурда кайрыла турган укук коргоо органдарынын жана КР БШКнын байланышуу маалыматтары көрсөтүлөт.

«Жарандык Платформа» Фондунун волонтерлорунун күчү менен региондордо шайлоочулардын өз тандоосун аң сезим менен ишке ашыруу позициясына таасир көрсөтүү жана өз добушун сатууга катышпоону пропагандалоо максатында коомчулук үчүн шайлоо өнөктүгүнүн таза эмес ыкмаларын колдонууга каршы, электоралдык коррупцияга каршы масштабдуу флеш- маалыматтык акциялары уюштурулат.

Жарандар үчүн Бишкек жана Ош шаарларында шайлоо укугунун маселелери боюнча калкка консультативдүү жана маалыматтык жардам көрсөтүү боюнча Маалыматтык-ресурстук борборлор (МРБ) ачылган.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор 2016-жылдын 11-декабрында өлкөнүн 400 дөн ашык калктуу конушунда өтөт.

Маалыматтык өнөк боюнча иш-чаралар «2016-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү» долбоорун аткаруунун алкагында өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: