Бүгүн, 2016-жылдын 18-ноябрында, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратында болушту.
Жогорку соттун басма сөз катчысы жаңы имарат менен тааныштырып, келген меймандарга сот отурум залдарын, процесстин катышуучулары үчүн күтүү залын, Жогорку соттун судьясы жана аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүн көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева ЖМКнын өкүлдөрүнө, алардын чыгармачылык иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге мекеменин атынан чакан белек тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева “Кыргызстанда улантылып жаткан сот реформасы” темасында журналисттер үчүн конкурстун башталышы тууралуу маалымат берди.
Конкурстун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгүн чыңдоо долбоору.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ