1-июнь “Эл аралык балдарды коргоо күнүнө” карата Бишкекте «Курманжан Датка» коомдук кайрымдуулук фонду «Санат» телерадиокомпаниясы менен биргеликте кайрымдуулук концертин өткөрөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жана майып балдарга арналган кайрымдуулук концерти 1-июнь күнү саат 12.00дө Курманжан Датканын эстелигинин алдында болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ