Global Wealth Report баяндамасына караганда, 2015-жылдын ортосунан тарта 2016-жылдын ортосуна чейин Орусия калкынын байгерчилиги 15 пайызга – дээрлик 200 миллиард долларга кыскарган.
Credit Suisse каржы уюмунун иликтөөсү боюнча Орусия жакырчылык өтө бат өсүп жаткан үч өлкөнүн катарына кирди.
Баяндаманын авторлору мындай терс динамиканы валюта курсунун олку-солку болушу менен түшүндүрүшүүдө. Себеби иликтөө жүргүзүлгөн мезгилде рубль 13 пайызга арзандап кеткен. Бул арада Орусияда байлыгы доллар менен эсептелген миллионерлердин саны 92ден 79 миңге чейин кыскарган.
Баяндамада көрсөтүлгөн мезгилде укариналыктардын байлыгы 18,5 пайыз жана аргентиналыктардыкы 27 пайызга азайып, Орусиядан бетер бат жакырчылыкка кептелген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ