Menu

Москвада наристени өлтүргөн Бобокулова дарыланууга жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Москванын Хорошевский соту кичинекей наристени өлтүргөн Гүлчехра Бобокулованы мажбурлап дарылоого жөнөттү.

Буга чейин дайындалган психиатриялык экспертизалар айыпталуучу өнөкөт психикалык оору менен жабыркай турганын аныктаган.

Орусиянын Тергөө комитетинин сайтында маалымдалгандай, ушул жылы февралда Өзбекстан жараны Гүлчехра Бобокулова “Октябрьское поле” метро станциясынын жанында кармалган. Ал колуна мууздалган баланын башын көтөрүп жүргөн.

Бобокулова 4 жаштагы кызды карап иштечү. Наристенин ата-энеси үйдөн кеткен соң, ал кызды өлтүрүп, батирди өрттөп, кылмыш болгон жерден чыгып кеткен. Андан соң жардыруу жөнүндө айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: