Menu

БУУ Алеппого гуманитардык жүк жеткирүүгө даяр

Бөлүшүү:

Алеппонун чыгыш тарабында камоодо калган сириялык козголоңчулар БУУнун гуманитардык жардам жеткирүү жана жарадарларды эвакуациялоо планын жактырышты.

Улуттар уюмунун гуманитардык миссиясынын жетекчиси Ян Эгеланд Сирия президенти Башар Асаддын негизги өнөктөшү Орусиядан төрт пункттан турган план боюнча оозеки колдоо алынганын билдирди. Дипломаттын айтымында, Улуттар уюму Дамаск өкмөтүнүн макулдугун күтүүдө.

Жүздөгөн жүк ташыган машиналар Түркияда жана Алеппонун өкмөт көзөмөлдөгөн райондорунда гуманитардык жардамды жеткирүүгө даяр турушат. “Шаардын курчоодогу бөлүгүндө жүздөгөн жарадарлар жардамга муктаж”, – деди Эгеланд. БУУ акыркы жолу азык-түлүктү ал жерде кала берген 275 миңдей кишиге 13-ноябрда тараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: