Акаев доорунда мамлекеттик бажы кызматын башкарып, «Кошелек» атка конгон Муратбек Малабаевди билесиңер да? Айдар Акаевдин кареги менен тең айланып, атайын кызматты ошол кездери башкарган жаш генерал досу (генерал дешке да ооз барбайт) экөө кыргыздын ырыскысын калпып алып, каалашынча тайраңдап, чет өлкөдөн катар-катар үйлөрдү алышып, ченебей көбүшкөн. Ошол «Кошелек» жакында тээ Акаев доорунан бери РЭОнун начальниги болуп келген Абдыбек Дүйшалиевдин кызын келин кылып алып, уул-келининин үлпөт тоюн баш калаадагы «Салтанат Палас» ресторанында өткөрдү. Албетте, «Кошелек» болгон соң тою да Бишкектеги күн сайын күтүрөп өтүп жаткан катардагы көпчүлүк тойлордон чоң айырма менен өтөөрү турган иш эмеспи. Ортого кызыктуу оюнга чыккан коноктордун 1-орунду алгандарына 100 миң, 2-орундагыларга 70 миңден ыйгарса, калган катышуучулардын кулактарына миң доллардан кыстарганын эшиттик. Кымбат баалуу телефон, планшеттерди айтпай эле коелу. Аларды арыктан суу сузуп алгандай эле келген катышуучуларга таратканы угулду. Ток этери, быйылкы тойлордун эң алдыңкысы Малабаевдики болду окшойт. Албетте, баш кошкон эки жаш бактылуу болсун!
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ