КСДПдан депутат болгон Мурадил Мадеминовду билесиңер да. Шайлоодо кыйраткан добуш албаптыр, эл өкүлү катары сабаттуу мыйзам жаза албаса, мына ушундайлар парламенттин баркын кетирип атпайбы. Маал-маалы менен Мадеминов өйдө-ылдый сүйлөп, ар кимге тийишип калмай жайы бар. Бир ирет Жогорку Кеңештин чоң залынан кырчаңгыланып, Өмүрбек Текебаевге секирип атпайбы, баягы эле суу кечпеген сөздөрү менен. Өмүке болсо, «Эй Мадеминов, сен кошоматчысың!» деп таккесе диагнозун койгон. Анан Мурадил жулунуп келип, Текебаевге асылат да, кайра тыртаңдап барып жерге жыгылып, таяк жеп калганын баарыбыз көргөнбүз. Ошондон бери жели чыгып, шүкжүрүп калган болчу. Эми карасаң, Мадеминовго тил бүтүп, кайрадан керооздутуна салып, оңго-солго тийише баштаптыр. Натыйжада, дагы кимден таяк жейт болду экен?
Ийгилик Болсунбаев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ