Menu

«Курманбек Салиевич үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм!» деп айкырган Аалы Карашев Атамбаевдин аппарат жетекчиси болобу?

Бөлүшүү:

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн кийинки алты жылда эмне өзгөрдү? Эмнеге жетиштик? Эмнеден уттурдук? Ушул сыяктуу суроолор алты жыл бийликте отурган Алмазбек Атамбаевге берилип, анын кетерине аз калганда актуалдуу болуп, айрым атаандаштары ачык күнөөлөп, импичмент жарыялоону сунуштап отурат. Алмазбек Атамбаев бийликте отурган жылдарды бир беткей кара боёк менен боёп салганыбыз деле адилеттүүлүккө жатпайт. Катуу тартип талап кылып, коррупцияга каршы күрөш алкагында демократия ыргагы менен Акүйдүн ичи тополоң болуп, жакалашып мушташмайлар, тынымсыз митинг, жол тосмойлор токтотулду. «Свет өчөт, газ жок» деген унутулду. Жолдор салынып, оңдолуп жатат. Бирок ошол эле учурда, экономикабыз өсүп, жумушчу орундар түзүлүп, элибиздин турмуш деңгээли өсүп-өнбөй, өксүп, карызыбыз асманды чапчып, «өлбө жаным, өлбө» болуп кылдырап, арабабызды согуп келебиз.

Алты жылдык аракеттер аркасында оппоненттеринин оозун жаап, коркутуп-үркүтүп, бийлигин бекемдөөгө жетишкен Алмазбек Атам­баев экономика багытында оңчулуктуу натыйжага жете албады. Жете да алмак эмес. Анткени анын баардык аракеттери, коалиция куруу, өкмөттү түзүү, коррупцияга каршы күрөшүү иштери эң биринчи кезекте анын жеке амбицияларын канааттандырып, бийлигин бекемдөө үчүн гана жасап, калыстыктан эбак тайганы талкууга алынууда.

Президент максатына жетиш үчүн ит-кушуна карабай койнуна тартып, жолун туура кескендерди ак экенине карабай кокуйлатып баса калып отуруп, өлкөдөгү төбөсү көрүнгөндөрдүн ишениминен ажырап, өзүнө душман кылып алды. Акыры, «кет-кети» жакындап, шиши толгон бейм? Минтип четинен ачык сындап, каяша айткандар көбөйүп, жадагалса өз партиясынын ичинен да нааразылар чыгып, кашыктап жыйган аброю чөмүчтөп чачыла баштагандай.

Акыйкаттан алыстоо, чалды-куйду кадр саясаты аркасында жалаң жагымпоз, эки жүздүү кадрлар Атамбаевдин айланасына топтолуп алышып, аны мурунку экөөнө окшотуп, аңгекке сүйрөп бараткансыйт. Бакиевдердин оту менен кирип, күлү менен чыгып жүргөн Аалы Карашев, Сапар Исаков, Темир Жумакадыров, Илим Карыпбековго окшогон «шумурайларды» жоопкерчиликтен куткарып, колтугуна кысып алып, элдик көтөрүлүштүн катышуучуларынын астында бакылдап сүйлөгөн сайын, апрель баатырларынын ичи­нен кан өтүп, партиялаштарынын катары суюлуп, айлана-чөйрөсү «чөөлөргө» толуп, коомчулуктун нааразычылыгы күч алып, кара жаны үчүн гана ажылдаган бир-экөө колдомуш болуп, калган партиялаштары тымпыйып, же интрига ме­нен өз көмөчтөрүнө күл тартып, колдоочулар деле калбай баратат.

Эл деле «Атамбаев акыры кете турган болгондон кийин сый менен кетсе эмне, элди да, өзүн да кыйнабай» деп шыпшынышууда. Балким, аппарат башчысы Фарид Ниязовду ушак ташыган, интриган катары айыптап, жумуштан кетирип, анын ордуна «Курманбек Салиевич үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм!» деп кесир сүйлөгөн Аалы Карашевди апкелиш керекпи? 7-апрелде Акүйдүн астында эл кырылып атканда, кандуу штабды бийлеп отурган Аалыны көтөрсө, ошондо биротоло 90 шейиттин арбагынын алдындагы анты бузулат да. Процессти тездетишет… Ал аздык кылса, ошондой дем менен жүрүп отурса, импичменттин деле кереги жок, өзүнөн-өзү эле кум сепилдей урап калчудай.

oksana-malevanaya-i-sekretariat

Сакен Бөрүбаев

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: