Menu

Казакстандык эки активист беш жылга соттолду

Бөлүшүү:

Атырау соту жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын ар бирине карата беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Алар «жер маселеси боюнча» митингдерге катышкандан кийин камакка алынышкан.

Сот активисттерди «кастыкты козутууга», «атайылап жалган маалымат таркатууга» жана «митинг өткөрүү тартиптерин бузууга» күнөөлү деп таап, алардын ар бирине карата беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, коомдук иштер менен алектенүүсүнө үч жылга тыюу салды. Өкүмгө ылайык, Бокаев менен Аяндын ар бири 530 миң теңгеден (1,5 миң доллар) айып төлөп бериши керек. Сот аларды экспертизаларды өткөрүү үчүн кеткен 259 миң теңге өлчөмүндөгү процессуалдык чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сотко катышкан Бокаев менен Аяндын тарапташтары өкүмдү дуулдаган нааразылык үндөр менен тосуп алышты. Өкүм окулгандан кийин залдагы адамдар: «Бул сот эмес, бул спетакль», «Бул адилетсиз өкүм», деп кыйкырышты. Соттолгондордун өзүлөрү залдан чыгып бара жатканда колдоосу үчүн келгендерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын үстүнөн сот жараяны 12-октябрда башталган. Алар 17-майдан бери камакта жатышкан. Ушул жылдын жайында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети жер реформасына каршы өлкөдөгү нааразылыктар шымкенттик ишкер Тохтар Тулешов (бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган деген айып менен ушул айда 21 жылга эркинен ажыратылган) тарабынан каржыланганын билдирген. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Тулешов менен анын жардамчылары күбө катары сурак беришип, алар Талгат Аянга акча бергендиктерин айтышкан. Макс Бокаев менен Талгат Аян болсо ал айтылгандарды четке кагып, эч кандай акча албагандыктарын билдиришкен.

Укук коргоочулар Бокаев менен Аянга карата кылмыш иштери саясий негизде козголгон деп айтып жатышат. Активисттер кармалгандан кийин эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Казакстан бийлигин тез арада аларды бошотуп, тагылган айыптарды алууга чакырган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: