АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп «мыйзамсыз добуш берген миллиондогон адамдарды эске алганда» 8-ноябрдагы элдик шайлоодо жеңишке жеткенин билдирди. Бул тууралуу шайлоочулар коллегиясынын жетиштүү добушуна ээ болгон Трамп Твиттерге 27-ноябрда жазды.
Кийинки билдирүүсүндө ал атаандашы, демократтардан талапкер Хиллари Клинтон жеңишке жеткен Виржиния, Нью-Гемпшир жана Калифорния штаттарындагы «олуттуу бурмалоолор» жөнүндө жазды.
Бирок ал айткандары боюнча кандайдыр бир далилдерди келтирген жок. Трамптын бул билдирүүлөрү Клинтондун штабы Висконсия штатындагы добуштарды кайра санап чыгууга катышуу ниетин билдирген соң жарыяланды. Андан мурдагы күнү штаттын шайлоо комиссиясы Жашылдар партиясынын талапкеринин добуштарды кайра саноо талабын канааттандырган болчу.
Элдик шайлоодо Клинтон Трамптан эки миллионго ашык добуш алган. Бирок АКШдагы шайлоодо акыркы жыйынтыкты шайлоочулардын коллегиясы аныктайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ