Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Жаңы конуштардагы медициналык мекемелерге салык каникулдары керек

Бөлүшүү:

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Бишкек шаардык кеңешинин курамында жеке менчик бейтапканалар жаңы конуштарда өз филиалдарын ачса, жеңилдик берүү шарттарын иштеп чыгат. Ал шарттар ишкердүүлүк ачууга жеңил жана ийкемдүү болушу зарыл, мисалы, алгачкы 2 жылга муниципалдык имараттардан бекер орун берүү жана биринчи жылы салыктан бошотуу.

«Ушундай жол менен бир канча багытта жакшырууну байкасак болот. Алар жаңы конуштарды сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу, жаңы конуш тургундарынын жашоо-шарты, ден соолугунун жакшырышы, алар ушул кезге чейин шаардын борборундагы бейтапкана, ооруканаларга келип кезек күтүп убактысын да, акчасын да коротуп жатышат», -деп белгилейт БШКне “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Анын белгилөөсүндө, көпчүлүк өнүккөн шаарларда инвестиция тартуу үчүн аларга салыктан бошотуу сыяктуу жеңилдиктерди беришет. Коңшу Астанада дагы жакында инвесторлорго 50 жылга чейин атайын салык режимин жана жеңилдетилген катталуу процедураларын сунушташты.

«Албетте, мындай режим көбүнчө чет элдик инвесторлорго карата берилет. Бирок бизде деле ички инвесторлорду колдоо максатында аларга атайын жеңилдиктерди карасак болот. Канчалык парадоксалдуу угулбасын, жаңы конуштарды инвестициялоодон биринчи кезекте шаардын борбору пайда көрмөк. Азыркы тапта шаар борборунда жык толгон медициналык жайлар, оорукана, бейтапканалардагы адам саны азаймак», – деп божомолдойт Нурдин Абдылдаев.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын эсептөөлөрү боюнча, жаңы конуштарда шаар калкынын бештен бир бөлүгү жашайт. Көпчүлүк жаңы конуштарда башкасын айтпаганда дагы кадимки  мектеп, поликлиника, бала бакча сыяктуу керектүү социалдык объекттер жок.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: