Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо фальсификация болушу ыктымал. Шайлоочулардын жарыяланган тизмеси ушундай ойду жаратууда. Мисалы, Октябрь районундагы бир эле 1107 участогу боюнча референдумга жана шайлоого ар кандай адамдар барат окшойт: эки ар башка тизме берилген. Ал эми бул эки шайлоо процесси бир эле күндө болуп жатат.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы тизмелердин фальсификациясы таза жана ачык шайлоонун эң башкы принциптеринин бирин бузуп жатканын белгилейт: «бир шайлоочу – бир добуш».
Ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» партиясы өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн Кыргызстандагы саясий туруктуулугун сактоо максатында шайлоодо фальсификацияга жол бербөө максатында биригүүнү чакырат.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Түлеев тарабынан төлөндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ