Menu

Тажикстан президенти Прагага иш сапары менен келди

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Будапешттеги иш сапары аяктагандан кийин 30-ноябрда Прагага келди. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланды.

Буга чейин Чехия өкмөтүнүн басма сөз кызматы Эмомали Рахмондун Прагадагы сапары 1-декабрда башталарын, президент Милош Земан жана премьер-министр Богуслав Соботка менен жолугушуу пландалганын билдирген.

Туура эки жыл мурун, 2014-жылы 25-ноябрда Чехия президенти Милош Земан Тажикстанга атайын сапары менен келген. Мамлекет башчылары тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөнү, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги ишенимди камсыздоону жактай турганын билдиришкен. Алар ошондой эле терроризм жана экстремизм, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу коркунучтарга каршы кызматташуунун зарылдыгын белгилешкен.

Тажикстан менен Чехиянын ортосундагы дипломатиялык алакалар 1992-жылы 5-июнда башталган. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2015-жылы 200 миң доллардан бираз ашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: