Menu

AP: АКШ мигранттардын балдарын атайын жайларга жайгаштырууда

Бөлүшүү:

АКШ Мексика менен чектеш аймактарда ата-энесинен күчтөп ажыратылган наристелер менен мектеп жашына чейинки балдарды Түштүк Техастагы үч атайын жайга жайгаштырууда. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги жазды.

Мектепке чейинки балдар кармалган атайын жайга барып келген адвокаттар менен медицина кызматкерлери алардын абалдарын оор деп баалашты. Өкмөт 21-июнда Хьюстондо жүздөгөн бала үчүн төртүнчү атайын жай ачыла турганын билдирди. Шаардын администрациясы федералдык бийликтин бул кадамын айыптап чыкты.

Вашингтон мигранттарга карата талаптарды күчөткөн март айынан бери америкалык чек арачылар дээрлик 2500 баланы ата-энесинен ажыратышкан, алардын жүздөн ашыгын 4 жашка чыга элек наристелер түзөт. АКШнын жаңы иммиграциялык эрежелеринде чек арадан мыйзамсыз өткөн бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган.

АКШ президенти Дональд Трамптын пикиринде, мигранттар балдарды пайдалануу менен өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып жатышат. Ошондуктан аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн «балдарын алууга туура келүүдө» деп билдирди Трамп.

Буга чейинки эрежеге ылайык, чоңдор балдар менен бирге 20 гана күн кармалып, андан соң сотко келүү милдеттенмеси менен бошотулчу.

Президент азырынча маселени чечүүнүн эки гана жолу бар экенин айтты: «чек араны толугу менен ачуу же чек араны бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу». Трамп Конгрессти ага үчүнчү жолду (үй-бүлө мүчөлөрүн чогу департациялоо) пайдаланууга мүмкүндүк берүүгө чакырды.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн балдарды кысымга алуу аркылуу миграцияны азайтуу аракетин «чектен чыгуу» деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: