Астанада Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабиятынын борбору ачылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Борбордун ачылышы эки элди руханий жактан жакындатып, кыргыз адабияты менен таанышканга мүмкүнчүлүк түзөт.
Борбор Кыргызстан менен Казакстандын Улуттук китепканаларынын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө меморандумунун алкагында ачылды.
Бишкекте октябрдын соңунда Казак адабияты жана маданиятынын борбору ачылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ