Menu

Мирзиёев алгачкы президенттик сапарын Орусияга жасайт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев алгачкы расмий сапарын Москвага жасайт. Бул тууралуу Өзбекстан өкмөтүндөгү булактарына шилтеме кылып орусиялык ММКлар билдиришти. Расмий маалыматтар боюнча 59 жаштагы Мирзиёев 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 88 пайыздан ашыгын алган.

Өзбекстандын жаңы башчысынын инаугурациясы ушул жылдын аягына чейин болуп, Орусияга 2017-жылдын кышында же жазында барат. «Известиянын» маалыматына караганда, өзбек мекемелери Шавкат Мирзиёевдин алгачкы расмий иш сапарына даярдыктарды көрүп баштады.

Басылмага Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Өзбекстандын жаңы башчысынын бул ниетине жакшы баа берерин жана Мирзиёевдин сапарын күтүп жатканын билдирди.

Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников «Известияга» курган маегинде экономикалык, геосаясий жана аскердик жактан алганда өзбек президентинин алгачкы сапарынын Москвага жасалышы туура экенин билдирди. «Шавкат Мирзиёев — Орусияны жана жалпы постсоветтик өлкөлөрдү жакшы билген адам. Ал Ислам Каримовдун командасында иштеген, демек биздин мамилелерди колдоп, аларды жаңы ойлор менен толуктоого даяр», — деп билдирди ал.

Шавкат Мирзиёев 6-сентябрда Самаркандда Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, Өзбекстан үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш болгонун жана мындан ары да боло берерин билдирген. Анда Орусия лидери Самаркандга 3-сентябрда каза болгон Ислам Каримовду эскерүү үчүн барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: