Menu

Казакстанда түрмөдөгү эки активистке “Эл баатырлары” сыйлыгы берилет

Бөлүшүү:

Казакстанда жер реформасына каршы митингдерди уюштургандыктары үчүн күнөөлү деп табылып, беш жылга соттолгон активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга “Эл Баатыры” деген коомдук сыйлыкты ыйгаруу каралууда. Бул тууралуу жарандык активист Жанболат Мамай билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына жер реформасына каршы чыккан башкы каармандарга ырахмат айтуунун ордуна аларды камап салган бийликке нааразычылыгын билдирген. “Биз активисттерди эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата сыйлоону көздөп жатабыз. Иш-чара Алматыда “Астана” мейманканасында 17-декабрда өтөт”,-деп жазган ал. Ошондой эле социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын аземге катышууга чакырган.

Бирок бул билдирүүнү социалдык түйүнгө жазгандан кийин мейманканалардын баары коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүү үчүн конференция-залдарын берүүдөн баш тартышкан. Мамай ишкерлерге Улуттук коопсуздук комитети, шаар жана район акимдери кысым көрсөтүп жатат деген пикирде.

Макс Бокаев жана Талгат Аян апрелде Атырауда өткөн жер реформаларына каршы массалык митингдерден кийин кармалган. Активисттер айыптоолорду четке кагып, саясий негизде куугунтукка алынып жатышканын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: