Menu

Францияда мугалимин мууздап өлтүргөн 18 жаштагы Анзоровдун сөөгү Чеченстанда жерге берилди

Бөлүшүү:

Чеченстандын Урус-Мартанов районундагы Шалажи айылында 18 жаштагы Абдуллах Анзоровдун сөөгү жерге берилди. Ал октябрдын ортосунда Париждин жака белинде мугалими Самюэль Патини мууздап өлтүргөндөн кийин полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн.

1ADAT телеграм-каналынын маалыматына караганда, Анзоровдун сөөгү Шалажиге 5-декабрда жеткирилип, айыл дароо карантинге жабылган. Аны менен коштошууну каалагандар көп болуп, айылга эч ким киргизилбегендиктен, коңшу калктуу конуштарда автоунаа тыгындары жаралган.

Чеченстандын расмий ЖМКларында Анзоровдун тажиясы жана Шалажи айылынын карантинге жабылгандыгы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.

Baza телеграм-каналы Анзоровдун тажиясына 200гө жакын киши катышканын, алардын көбү маркумдун туугандары жана жакындары болгонун жазды.

Самюэль Пати 16-октябрда Париждин жака белиндеги Конфлан-Сент-Онорин шаарчасында өлтүрүлгөн. Анын алдында Абдуллах Анзоров мугалими сөз эркиндигине арналган сабакта Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураны көрсөткөнү үчүн аны өлтүрүүгө баратканын жазган. Ал көчөдө мугалимдин мууздалган башын көтөрүп жүргөндө атып өлтүрүлгөн.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Патинин өлүмүн «ислам теракты» деп атап, өлкөнүн светтик баалуулуктарын коргоого чакырган. Анын бул сөзүнөн кийин Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Макронду исламофобияга айыптап, аны «оорулуу» деп атаган. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Макрон өзү «террорчуга окшоп жатканын» айтса, Чеченстандын жогорку муфтийи француз президентин «№1 террорчу» деп атаган.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мусулмандар Францияга жана анын лидерине каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Бир нече күндөн кийин Франциянын Ницца шаарында бычак менен куралданган тунистик качкын чиркөөгө кирип барып, андагы адамдарга кол салган. Жыйынтыгында үч киши каза болуп, алтоо жаракат алган. Мындан тышкары Авиньон жана Лион шаарларына да кол салуу болуп, грек проваслав чиркөөсүнүн өкүлү жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: