Menu

Картошка маселеси: Өзбекстан менен нарк бычылбай, Түркмөнстанга 44 миң тонна сатылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана тамак-аш өндүрүшү министрлиги фермерлерди кыжаалат кылган картошка маселеси боюнча үн катты.

Министрлиr бүгүн, 6-февралда тараткан маалыматка караганда, Өзбекстан буга чейин эле 145 миң тонна квота менен, Кыргызстандан өздөрүнө картошка импорттоочу 73 компанияны аныктап койгон экен.

2018-жылдын 2-ноябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгүндө кыргызстандык картошка өндүрүүчүлөр менен өзбекстандык ишкерлердин ортосунда картошка соодасы боюнча сүйлөшүү болот.

Бирок, тараптар картошканын наркы тууралуу бир пикирге келе албай коюшкан. Картошканын сатык жана өздук наркы боюнча бирдиктүү бүтүмдүн жоктугунан улам, азырынча иш алга жылбай туруптур. Бирок, Өзбекстанга картошка алып кирүүгө эч кандай чектөө жок экен.

“Түркмөнстанга 60 миң тонна картошка сатуу боюнча макулдашуу болуп, анын 44 миң тоннасы жеткирилди.

Андан тышкары,  картошка Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстанга майда партияда  сатылып жатат.

2019-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда экспорттолуучу картошканын көлөмү 70 миң тоннаны түзөт.

2018-жылы өлкөдө 144,6 миң тонна картошка өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 2017-жылкыга салыштырмалуу 30,6 миң тоннага көптүк кылат” деп маалымдалат Айыл чарба министрлигинин расмий маалыматында.

Булак: Kyrgyz Today

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: