Menu

АКШнын Түркиядагы элчилиги жана консулдугу ок атуудан кийин убактылуу жабылды

Бөлүшүү:

АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткан адамды полиция кармап кетти. Бул окуядан кийин Американын Түркиядагы элчилиги жана консулдуктары убактылуу жабылды.

Элчиликтин маалыматы боюнча, белгисиз адам кечээ жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттөр чамасында ок чыгара баштаган. Окуядан эч ким жабыркаган жок.

“Анадолу” мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, шектүү пальтосуна катылган мылтыкты алып чыгып, сегиз жолу ок аткан. Элчиликтин коопсуздук күчтөрү чабуулчуну токтотуп калууга жетишкен.

Бул окуя Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарада атып өлтүрүлгөндөн бир нече саат өткөндөн кийин болуп олтурат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: