Орусиялык “Ямал”авиакомпаниясынын 100дөй жүргүнчүсү 20-декабрда “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбү шаарына учуп кете алышкан жок. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Тажикстан бийлиги аталган авиакомпанияга уруксат бербегендиктен каттам үзгүлтүккө учураган.
“Ямалдын” коммерциялык директору Андрей Дубровдун билдиришинче, авиакомпаниянын учагы учууга толугу менен даяр, каттам үчүн бардык билеттер сатылган. Жүргүнчүлөр аба майданында Дүйшөмбүгө учуп кетүүнү күтүп отурушат.
Авиакомпаниянын кызматкерлери жүргүнчүлөргө алгач суусундуктар, төрт саат өткөн соң ысык тамак берилгенин маалымдашты. Эгер каттам сегиз сааттан кечигип кетсе, жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылат.
Орусиянын транспорт министри Максим Соколов маселени чечүүнү убадалады. Ал Тажикстандын авиациялык бийлиги менен кайчы пикирлер жаралганын билдирди.
Тажикстан “Ямал” авиакомпаниясына уруксат берүү маселесин карап жатат. Бирок өлкө бул суроону талкуулоо учурунда тажикстандык авиакомпаниялардын кызыкчылыктары корголо тургандыгын айтууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ