Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш ошондой болжонгону, экс-айдоочуга жол бошотуу үчүн КСДП фракциясынан Айнуру Алтыбаева, Анвар Артыков, Карамат Орозова, Альфия Самигуллина (шайлоодо добуш алып жыргатпагандар) баштаган эл өкүлдөрүнө Акүйдүн 7-кабаты тарабынан мандатынан баш тартуу, анысы үчүн баарына кызмат каралаары боюнча убадаланса да береги депутаттар «алда-кайдан болуп кетет» дешкенби, айтор, бир ооздон көгөрүшүп, моюн толгоп жатышканы неси? Кызмат убадаланса да кетпей, булардын көгөрүп жатышканында кандай сыр бар? Же чөгүп бараткан кемеде акырына чейин отурууну чечишкенби? Айтор, жазга чейин булардын далай интригаларына күбө болот окшойбуз.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ