Тажикстан Дүйшөмбүдөгү орусиялык «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын учууларын токтотту. Буга чейин Орусияда тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салынган. Буга байланыштуу тажик тарап ушундай мүнөздө жооп кайтарды.
Тажикстан Жарандык авиация департаменти маалымдагандай, орусиялык авиакомпаниянын Краснодар, Красноярск, Уфа жана Челябинск шаарларынан Дүйшөмбүгө сапар алчу каттамдары токтотулду.
Тажик делегациясы менен орусия тараптын 22-декабрда Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес. Бул жолугушуу ийгиликтүү болбогон соң, 23-декабрда Орусия тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учууларын токтоткон.
Бир апта мурун Тажикстан “Жуковский” аэропортунан “Ямал” авиакомпаниясынын учууларын кабыл албай тургандыгын жарыялаган. Буга байланыштуу «Сомон Эйр» “жазаландырылганын” Орусиянын Транспорт министрлигинин өкүлү «Интерфакска» маалымдады. «Сомон Эйрдин» Орусияга болгон каттамдарына канчага чейин тыюу салынары белгисиз. Эми компания Казань, Иркутск, Оренбург, Сочи жана Новосибирск багыттары боюнча каттай албайт. Бул арада Москва жана Санкт-Петербург шаарларына учактар мурдагы режимде учуусун улантат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ