Menu

Азике кээде муюп калат

Бөлүшүү:

Кыргыз журтчулугунда ар кандай эптүү да, эпсиз да болумуштар кекиртектен ашып кетти. Чала молдолор сыяктуу “намаз” окугандар жөөлүп кеткенде айласыздан күлөрүң бышык. Эки жыл мурда Алмазбек Атамбаевдин алдында ийнеликтей болуп бийлегендерди бүгүн таанышка болбойт. Ошол азыр “эрдик” жасагансып опурулгандар мурда кайда жүрүштү эле? Тимеле аарыдай ызылдашат түштөн кийин баатырсынып.

Канат Исаевдин каерден чыкканын баары билет. Иса Өмүркуловду кезинде капкандан ким аман алып калганын өзү эле унутуп калбаса, башкалардын эсинде турат жадыбалдай болуп. Талант Мамытовдун болсо эзелки өчү бар. Э. Каптагаевдин “жөөлүп” кетме илдети өөрчүп кеткен. Бектур, Кубаныч, Бекболоттор боштондук алган соң өз аракетин жасашууда. Эмнеси болсо да мурдагы ажодон согулгандар эми жанданышты. Ошентсе да дос катары далай жылы жанында сүрөп жүргөн Азимбек Бекназаров кээде туура сөзүн
айтканга жарайт. Атамбаевдин парламенттегилерди “чимкирик” деп атаганы туура экенин эски досу тастыктаптыр. Болгону аларды өзү алып келип, эми аныгына жеткенин да унутпаптыр Азике?

О. Жалгапбаев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: