Ишемби күнү, 24-декабрда Аксыдан Бишкекке келаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун автоунаасы Токтогул районунун аймагында тайгак жолдон тормозу кармабай жолдун четинде токтоп турган автоунааны жана анын ээсин сүзүп кеткен. Бул тууралу Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Самсалы Четинбаев журналисттерге билдирди.
Натыйжада Азимбек Бекназаров жана жабыр тарткан автоунаанын ээси жаракат алышып, ооруканага жеткирилген.
“Революциянын бульдозеру” атыккан Азимбек Бекназаров Аксыдан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 85 жылдык мааракесинен кайтып келатканы айтылууда.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ