Тажикстан орусиялык “Урал авиалиниялары” компаниясынын каттамдарына тыюу салуу чечиминен баш тартты. Орусияда иштеген тажик мигранттардын жашоосун татаалдаштырбоо максатында ушундай чечим кабыл алынганын Транспорт министри Шерали Ганджалзода билдирди.
Мекеме башчысы белгилегендей, Жаңы жылды утурлай миндеген тажикстандыктар мекенине кайтып келери эске алынды. Орусия «Сомой Эйр» авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салынгандан кийин Тажикстан жооп иретинде ушундай эле чара көрүү чечиминен баш тартты.
Тажикстандын Транспорт министрлигинин билдиришинче, өлкө каалаган учурда орусиялык авиакомпаниялардын Дүйшөмбү жана Худжант шаарларына каттамдарын токтотуп кое алат. Бирок маселени чечүүнү башка жолдорун издөө абзел.
Буга чейин Дүйшөмбүдөгү Эл аралык аэропорттун жетекчилиги “Урал авиалинияларын” учууларын токтотуу боюнча Транспорт министрлигинен расмий көрсөтмө түшпөгөнүн маалымдаган. Учурда орусиялык компаниянын учактары Тажикстандын борборуна адаттагы режимде каттап жатат.
Тажикстан орусиялык “Ямал” авиакомпаниясына кыш маалында “Жуковский” аэропортунан өлкө шаарларына каттоого тыюу салган. Буга жооп иретинде өткөн жума күнү Орусия тажикстандык “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын каттамдарын токтоткон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ