Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан Барак Обама CNN телеканалына маек берип, эгер Конституция үч жолу президенттикке ат салышууга мүмкүнчүлүк бергенде, Дональд Трапты жеңип кетмек экенин билдирди.
Анын айтымында, Хиллари Клинтон жеңиш ансыз деле камсыздалат деген ой менен шайлоо кампаниясын өтө эле кылдат жүргүзгөн. Буга байланыштуу өз программасына көңүл буруунун ордуна атаандашынын жүрүм-турумун сындоого көбүрөөк артыкчылык берген.
Ошол эле учурда Обама Клинтон негизсиз чабуулдардын курмандыгы болуп калганын айтты. Президенттин пикиринде, эки жолку шайлоодо ага жеңишти камсыздап берген коалицияны Хиллари Клинтон сактап кала алган жок.
Клинтондун штабы президенттин сын көз карашына комментарий берген жок. Трамп болсо Твиттерге америкалыктар арасында жумушсуздук артып, медициналык камсыздандыруу системасындагы реформаларга нааразылыктар күчөп, экстремизм күчөп жаткан маалда Обаманын жеңишке жетем деген билдирүүсү орунсуз болгонун жазды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ