Menu

Түркмөнстанда банкоматтардан акча алууда көйгөйлөр жаралды

Бөлүшүү:

Ашхабадда банктар менен соода жайлардын алдындагы банкоматтардагы узун кезек күтүүлөр кадимки көрүнүшкө айланды. Адамдар банк картасына которулган маяналарын алуу үчүн чогулушканы менен көбү акчаларын толук ала албай кыйналууда.

Кезек күтүп тургандардын айтымдарында, бул – банкоматтардын санынын аздыгы жана андагы акчанын жетишсиздигине байланыштуу. Ошол эле маалда дароо бир канча картадан акча алгандар да болуп, андагы чектелүү сумма түгөнүп калууда. Мындан улам кийинки 30-40 кишиге банкоматка акча алып келип салгыча күтүүгө туура келүүдө.

Түркмөнстанда акыркы төрт жылдан бери мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен бюджетте иштегендердин маяналары накталай акча түрүндө берилбей, карталарга которулуп калган. Адамдар картасында акча бар-жогун банкоматтар аркылуу гана билип, акчаны да ошол жактан эле ала алышат. Өлкөдө карталар аркылуу төлөм жүргүзүү дээрлик мүмкүн эмес. Андан сырткары учурда бир картадан 1000 манаттан көп акча алууга тыюу салынган.

Бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлер акча алууда кыйналып жатканына карбай, өлкө жетекчилиги пенсияларды, жөлөк пулдарды накталай берүүнү токтотуу мүмкүндүгүн караштырып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: