Menu

Өзбекстанда Жазаларды аткаруу башкармалыгы виртуалдуу кабылдама ачты

Бөлүшүү:

Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы виртуалдуу кабылдама ачты. Анын жардамы менен жетекчиликке соттолгондордун туугандары, абактын кызматкерлери тарабынан кыйноого же кордукка кабылгандар кайрыла алышат.

Вуртуалдуу кабылдаманын сайтында маалымдалгандай, башкармалыктын башчысына жолдонгон ар бир арыз расмий деп эсептелинет. Кайрылуучулар сөзсүз түрдө аты-жөнүн, дарегин жана кайрылуунун маңызын жазуусу керек.

Жалган жалаа, мазактоо сыяктуу кайрылуулар кабыл алынбайт. Эгер бир эле киши бир нече жолу арыз таштаса жана ага жооп алса, жаңы жагдайлар камтылмайын каты четке кагылат. Арыздар 10 күн аралыгында каралат.

Ушул күнгө чейин Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын виртуалдуу кабылдамасына 20дан ашуун кайрылуу түшкөн. Алардын бирөөнө гана жооп жөнөтүлдү, 16 арыз каралып жатат, дагы бири четке кагылды. Сайтта кайрылуулардын мазмуну боюнча маалымат жок.

Былтыр декабрда жаңы шайланган президент Шавкат Мирзиёев жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл бурууну талап кылып, тапшырма аткарбаган жетекчилерге жазаларды катаалдаштыруу боюнча жарлык чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: