Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчылыгын аркалаган Паиза Сүйүнбаева ЕАЭБге караштуу социалдык коргоо жана эмгек миграция департаментинин башчылыгына карьералык секирик жасады. Мындан ары Паиза айым Москванын өзүндө эмгектенээри, анын ЕАЭБ курамына кызматка келишине биримдикке мүчө мамлекеттердин таасирлүү фигуралары да кош колдоп колдошкону каңкуланууда. Кыкеңдер «колдо бар алтындын баркын билбей жүрсөк», профессионал кадрларыбызды чет өлкөдөн чакырып алышууда. Эми Паиза айым ЕАЭБ курамынан да Кыргызстан үчүн олжолуу иштеп берерине ишенсек болот. Тектүү жердин кызын чет жакка жибергиче, өзүбүздүн саламаттык сактоо министрлигин ыроолоп койсок болбойт беле? Тармакты тажрыйбасы жок Талантбек Батыралиев менен ою жаман орун басары Олег Горинге тебелеткиче, ушул айымдын колуна берсек, береги экөөнө караганда ишти түзүк тартпайт беле?
Булак: Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ