Menu

Кыргызстандын кара жол менен ташылчу товарларына Казакстан тыюу салат

Бөлүшүү:

Казакстан кара жол менен ташылчу товарларга тыюу саларын быйыл 3-январда эскерткен. Анда коңшу өлкөнүн Айыл чарба министринин орун басары кыргыз расмий органдарына кат жазып, мындан ары ветеринардык көзөмөл талап кылган товарлар Казакстан аймагы аркылуу темир жол менен гана ташылышы керек деген кат жөнөткөн. Анда казак бийлиги мындай чечимди Бажы биримдиги боюнча келишимдин талабы менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов казак тараптын мындай эскертүүсү күтүүсүз болгонун жашырбайт. Жумакановдун жүйөсүндө, коңшулардын талабы эки өлкө ортосундагы жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы бир катар келишимдерге каршы келет:

– Мындай чара Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткандагы макулдашууга каршы келет. Учурда эмне себептен мындай кат жиберилгенин тактап жатабыз. Бирок азыр чек арадан өтүүдө тоскоолдук жок.

Жумаканов учурда бул талап дипломатиялык жолдор аркылуу такталып жатканын кошумчалады.

Негизинен Казакстандын аймагы аркылуу бардык эле товарлар өтө бербейт. Бул айрыкча тамак-аш продукцияларына тиешелүү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулганда бул уюмдун талаптарына жооп берет делген 15 атамекендик ишканага өз продукциясын Орусия, Казакстан, Беларус жана Армениянын аймагында тоскоолдуксуз сатууга уруксат берилген.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда айыл чарба азыктарына байланыштуу бир нукка түшпөй келаткан бир нече маселе бар.

Анын бири – эки мамлекеттин ортосунда көптөн бери талкууланып келаткан ветеринардык көзөмөл тууралуу жыйынтыктуу чечим кабыл алына электиги.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: