Menu

Полиция Стамбулдагы терактты өзбекстандык жаран жасаган болушу мүмкүн дейт

Бөлүшүү:

Түрк полициясынын маалыматы боюнча Стамбулдагы 39 кишинин өмүрүн алган кол салууга шектүү адам Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн.

Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, шектүү 180 жолу ок чыгарган. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кол салуудан соң ал түнкү клубдун ашканасы аркылуу чыгып кеткен. Учурда кылмышкер кармала элек.

1-январга оогон түнү Стамбулдага “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип ок чыгарган. Андан 39 адам ажал таап, 70ке жакыны жараат алган. Бул кылмышка шектүү киши Орто Азия өлкөлөрүнүн жараны болушу мүмкүн деп айтылып, кыргызстандык адамдын аты да аталган. Бирок кыргыз жаранынын катышы жок экени кийинчерээк ырасталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: