Menu

Өзбекстанда прокурорлордун иши рейтинг менен бааланат

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев прокуратура кызматкерлери менен жолугушуу учурунда алардын иши мындан ары баллдык система менен баалана турганын билдирди. Өлкө башчы прокуратура жазалоо менен гана алектенген репрессия органы болбой, тескерисинче, жарандардын укук жана эркиндигин тажрыйбада коргоого тийиш экенин айтты.

Президент 8-январда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу сөз сүйлөдү.

Мирзиёев 2017-жылдан тарта бардык акимдер, прокуратура жана ички иштер органдарынын жетекчилери эл алдында отчет берерин, бул үчүн атайын система ишке кирерин кошумчалады. Мындан тышкары прокурорлордун ишинин айлык рейтинги аныкталып турарын жана аларга ошого жараша баа берилерин маалымдады.

Мирзиёев прокурорлор кабыл алган ар бир чечимдин артында адам тагдыры турарын баса белгиледи. Президент көзөмөл органдын дарегине карата виртуалдуу кабылдамага көп арыз түшүп жатканын айтты.

Өзбекстанда прокуратура кызматкерлеринин күнү быйыл алгач ирет белгиленди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: