Menu

Таш-Көмүрдөгү алюминий заводунун жумушчулары бир жылдан бери айлык ала элек

Бөлүшүү:

Казакстандык «Авиньон» компаниясы куруп жаткан Таш-Көмүр шаарындагы ферросиликоалюминий заводунун жумушчулары бир жылдан бери маяналарын алыша элек. Бул тууралуу заводдун курулушун жүргүзүү боюнча дирекциянын башчысы Талант Исмаилов  билдирди.

Казакстандык компания 2015-жылдын соңунда курулушун токтотуп, каржылоону да үзүп салган. Компания курулуштун күзөтчүлөрү менен суу топтогучтун кызматкерлеринин маянасын төлөп берүүгө тийиш болчу. Бирок 30га чукул жумушчу 2016-жыл ичинде бир дагы тыйын акча алышкан жок. Исмаиловдун айтуусунда, казакстандык компания жаңы жыл алдында гана азыраак акча которуп бергени болбосо, алар дээрлик маянасыз иштеп келе жатышат.

Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн биргелешкен келишимине ылайык ферросиликоалюминий заводунун курулушу 2014-жылдын июль айында башталган. Кыргыз өкмөтү тарабынан документ иштеринин толук бүтпөй жатышы зоводдун курулушун кечеңдетүүдө.

Завод курулушуна Түштүк Кореядан 75 млн доллар инвестиция каралган. Эгерде ал ишке кирсе жылына 200 миң тонна продукция өндүрүп, миңге чукул адам жумуш менен камсыз болмок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: