Menu

Манты жеген Бакиев жакшы экен деп калбайбызбы ыя?

Бөлүшүү:

Уюлдук телефондор менен сүйлөшүүдө Максим Бакиев 60 тыйын кошкондо ызылдап өлүп кала жаздаганбыз. “Урдум ушундай бийликти” деп, жер сүзгүлөп жибергенбиз. Эми болсо Сапар Исаков «О» уюлдук тармагы аркылуу бирдик жүктөөдө он сом ала баштады. Албетте бул карапайым каратамандардын чөнтөгүн какмак түгүл жыртып кетет. Бажы биримдигине кирсек укмуш болобуз дешти эле, жыргамак түгүл жыртылып бүттүк. Күйүүчү майга болгон баа күн санап бир сомдон кошулуп жатат. Эл тилин тишине катып гана отурат азыр. Электр энергия Бакиев тушундагыдан эки эсе эмес беш эсе көтөрүлдү, анысы аз келгенсип жаңы конуштар кыштын кыраан чилдесинде жарыксыз отурушат. Жаз алды менен баягы манты жеген Бакиевди эстеп бармагыбызды тиштебесек эле болгону. Ансыз да Бакиевдер менен бакиевчилер азыркы бийликтин ар бир кадамын аңдып отурушат. Бир балээни баштап жиберишпесе экен деп турубуз. «Устуканга» жетпей калган Текебаев да жөн жаткан жок, ал да бийлик үчүн баарына даяр болуп турат.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: