«Көрбөгөндун көргөнү курусун» дейт кыргыз эли. Маңызы – бир байкуш эч нерсеге жетпей жүрүп колуна карга чычып бир нерсеге жетип калса, асман айдан секирип, атасын да тааныбай калат дегендик. Анын сыңары, буту покто турса да башым көктө деп көкүрөгүн кергендер көңүлдү ирээнжитет. Айталы, Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев деген эргул өзүн аким эмес эле Ак-Талаанын президентиндей сезип алганын аймактагылар айтып чыгышты. Башка планетадан келгенсиген Семетей мырза бийлик даамын татканы «ырасса семирип» кеткен өңдүү. Айтор карапайым элге койдой мамиле кылып, билгениңерди кылып алгыла деп ыргыштап калганы – көзүн май басты дегенди билдирбейби. Арийне коом азыр башка. Мурдагы хан жүрүш менен манап сөөлөттөрдүн доору бүткөнүн Семетей мырза аңдабай аткандай. Тиреген тоосу заңгел болсо да бүгүнкү коомдун ыргагында «өзүм билем» түшүнүгүнө дөөгүрсүгөн аткаминерлердин тизгинин какчулар чыкпай койбостугун Черикбаев унуткан окшобойбу.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ